Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Беларуска каршы чектөөнү колдогондорго Украина да кошулду

Европа Биримдигине мүчө болбогон башка да 7 мамлекет бул Биримдиктин Беларуска каршы чектөөлөрүн колдоп чыгышты. Августтагы жыйынтыгы бурмаланган делген президенттик шайлоодон кийин жапатырмак нааразылык иш-чараларына чыккан жарандарын ырайымсыздык менен жазалоосун уланткан  расмий Минскке каршы 27 мүчө өлкөсү бар Евробиримдик бир катар чектөөлөр киргизген. 


Евробиримдиктин тышкы  саясатын жетектеген Жозеп Боррел 20-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө Албания, Түндүк Македония жана Черногория сыяктуу бул ынтымакка мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдөн тышкары Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Украина да Беларуска санкция киргизүү жүрүмүнө кошулганы белгиленди.


Беларустун жарандары акыркы 26 жылдан бери өлкөнү бийлеп келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин августтун башынан бери дээрлик күн сайын уюштуруп жаткан нааразылык жыйындарында талап кылышууда. Оппозиция 9-августта президенттик шайлоо одоно добуш бурмалоолор менен өттү деп нааразылык билдирүүдө, ал эми Батыш өлкөлөрү бул шайлоонун натыйжаларын тааныган жок.


Нааразылык чараларына катышкан бир катар кишилер набыт болушту, миңдеген демонстранттар камакка алынды.  Айрым оппозиция лидерлери абакка салынды, башкалары бозгунга кетүүгө мажбур болушту. 


Европа Биримдиги Лукашенко баш болгон 50дөн ашуун төбөлдүн эсептерин бул зомбулук аракеттерге байланыштуу тоңдуруп, аларга карата визалык тыюу салууну киргизди. 


Боррелдин 19-ноябрдагы айтымына караганда, эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бул ынтымактын Беларус төбөлдөрүнө карата чектөөлөрү мекемелерге, ишкерлерге жана компанияларга да жайылтылаары тууралуу макулдашты.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus