Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аманбаев: “Азаттык” алып чыккан фактылар толугу менен иликтенет

21-октябрда кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышканда, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу буга чейин "Азаттык" радиосунун журналисттери иликтеген фактылар толугу менен текшерилерин билдирди:


“Биздин максат мамлекеттин казынасын толтуруу, коррупционерлерди кустуруу. Убагында Атамбаев деле "миллиардермин" деп жүрдү. Азыркыга чейин камакта, бир тыйын төлөдүбү, төлөгөн жок. Көрөсүңөр, “Азаттык” алып чыккан фактылардын баары иликтенет. Тартип коргоо органдары толугу менен иликтейт, сот ачык жүрөт. Мына ушунун баары азыр биздин планда бар”.


Коомчулукта “Раим миллион” деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи Май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүнү убада кылганын эске алып, аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.


«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.



Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus