Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ Боршайкомдогу окуя боюнча түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандык Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнүн («Жапырт башаламандык») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган. 


«Иликтенип жаткан иштин алкагында 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери жана алардын тарапташтары Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында уруксат берилбеген митингге чыгышканы аныкталган. Жапырт башаламандыкка түрткү болгон себептерди аныктоо максатында ИИМдин Криминалдык милиция кызматы 5-октябрдагы окуянын жагдайларын аныкташ үчүн Боршайкомдун бардык мүчөлөрүн кабарлама жазып берүү менен күбө катары суракка алуу тууралуу тергөө тапшырмасын берген», деп айтылат ИИМдин маалыматында.


БШК имаратына ИИМ кызматкери кирип барып, Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.


Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков «Азаттыкка» кабарлагандай, өзүн тергөөчү деп тааныштырган адам БШК мүчөлөрүн күбө катары суракка аларын билдирген, бирок эмне иш боюнча экенин айткан эмес жана тийиштүү документтерди көрсөткөн эмес.


Бүгүн, 21-октябрда Боршайком парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөө тууралуу чечим чыгарган болчу. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus