Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн беш млн. сомдон бир млн. сомго азайтуу сунушталган.
Шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузуу менен коштолгонун көпчүлүк партиялар билдиришкен. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Кыргызстанда бийлик толук алмашкан. 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз каалоосу менен тапшырып, анын милдетин парламент өкмөт башчы кылып шайлаган Садыр Жапаров жетектеп калган. (ZKo)