Мы в Telegram
Добавить новость

Выдача новых кредитных карт в городе увеличилась почти на 7% в марте

Акция «Бессмертный полк» прошла в Анкаре

Дочь актера Уиллиса Румер заявила, что больной отец чувствует себя хорошо

Священник Савастьянов: схождение Благодатного огня не приведет к концу света



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

?Терроризмге куралды эмес, коомду каршы коюшубуз керек?

Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Терроризмге куралды эмес, коомду каршы коюшубуз керек» Июнь алааматынан кийин деле түштүктө биртоп окуялар болуп келатканы жашыруун эмес. Майда деп маани берилбей жүрүп,...

Сообщение «Терроризмге куралды эмес, коомду каршы коюшубуз керек» появились сначала на presskg.

Мелис МЫРЗАКМАТОВ:
«Терроризмге куралды эмес,
коомду каршы коюшубуз керек»
Июнь алааматынан кийин деле түштүктө биртоп окуялар болуп келатканы жашыруун эмес. Майда деп маани берилбей жүрүп, акыры ири куралдар, жардыргыч заттар складдары табылып, ок атышуулар да болуп өткөнү баарыбызга маалым. Окуянын очогу болгон Ош шаарынын мэри
Мелис МЫРЗАКМАТОВ азыр да түштүк кооптуу деген пикирде.

— Мелис мырза, жакында сиз түштүктө айрым маалыматтар элге ачык айтылбай жатканын айттыңыз. Ал кандай маалыматтар экенин айта аласызбы?
— Ош шаарынын эли буга чейин эки кандуу окуяны башынан өткөрдү. Биринчиси, 90-жылдагы, экинчиси, быйылкы окуя. Биз элден ар нерсени жашырып аларды сарсанаа, алагды кылбашыбыз керек. Мен азыр коомчулукка терроризм, сепаратизмге каршы танктарды, автоматтарды эмес, коомдун өзүн, элдик дипломатияны жана туура идеологияны каршы коюуну сунуштап жатам. Учурда сепаратизмге каршы курал-жаракты коюу эффективдүү эмес. Менимче, коомдун өзү ар кандай куралдан күчтүү. Чынында азыр эл саясаттан да, кан төгүлүүлөрдөн да тажап турат. Эгер биз коомдо туура идеология жүргүзүп, калкты карөзгөйлүккө каршы көтөрө алсак, анда эл террористти да, сепаратистти да өзү кармап, ачыкка алып чыгат. Оштун эли согушту көргөн эл. Алар согушту, жаңжалды укканда коркуп кетпейт. Ошондуктан баары жакшы деп жымсалдабай, болгонун болгондой айтуубуз зарыл. Биз буга чейин бардыгы сонун, колубуздан баары келет деп мактандык эле, июнь окуясында эч нерсе кыла албасыбызды далилдедик. Бир эле ок атуу, бир эле жардыруу элди дүрбөтүп, кырдаал тез эле башкача өнүгүп кетерин да көрдүк. Жакында эле атайын кызматтын жүргүзгөн операциясынан улам эл туш-тушка качып, улуттар аралык жаңжал болуп кете жаздады. Ошондуктан элге «эл аралык терроризм Ошко кирип келди, террористтер деген мындай, коркунуч бар, сак бололу. Аларды кармаш үчүн бийликке жардам бергиле» дешибиз керек. Мына ушуларды эске алып, элге туура түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз.
— Азыр Ошто элдин колунда курал көп деген маалымат бар. Бул боюнча эмне айтасыз?
— Бизде азыр Ош шаарынын тургундарында эки миңге жакын курал бар деген маалымат бар. Бул мындайча айтканда, эки дивизия. Ошол куралдарды жыйноо боюнча азыр иш жүргүзүп жатабыз. Ушундай опурталдуу учурда элдин колунда курал болбошу керек.
— Учурда ИИМ, УКМК, башка укук коргоо органдары түштүктө тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүп, жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүп жатабы?
— Мен аларды тиешелүү деңгээлде иштебей жатат деп айтуудан алысмын. Бирок күч, каражат жетишсиз. Тийиштүү деңгээлде иш жүргүзүү үчүн ошол эле куралдуу күчтөрүбүз, атайын кызмат алсыз болуп атат.
— Сиз июнда Афганистан, Тажикстан, Өзбекстанга качып кеткен өзбектер кайрадан даярданып, ар кандай диверсиялык террактыларга даярданып жатканын айттыңыз эле. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Буга үч эле күндүн ичинде Ошто мурда болуп көрбөгөндөй заманбап курал, жардыргыч зат складдарынын табылышы күбө. Кармалгандар өздөрү Кыргызстандагы террактыларга даярданып жатышканын айтып жатышат. Башкасын айтпаганда да мечит имамдарынын буга аралашып кетишкенине күбө болуп атабыз.
— Ошол имамдар кайсы улуттун өкүлдөрү экенин айта аласызбы?
— Эми имамдардын тигил же бул улуттан экенин айтсак, коом ортосундагы жарака чоңоет. Мен бир гана имамдар күнөөлүү деп айта албайм. Бирок алардын кандайдыр бир деңгээлде тийиштүү айыбы бар. Бардык эле имамдар эмес, айрымдары деп баса белгилеп кетейин. Мына, кечээки эле координациялык кеңеште Оштогу башаламандыктарга тиешеси бар болгону үчүн Ош шаарынын казысын кызматтан алуу сунушун киргиздик.
— Uzigabek веб-сайтында сиздин «10-декабрдан 20-декабрга чейинки аралыкта кагылышуулардын жаңы толкуну болуп кетиши мүмкүн» дегениңиз айтылыптыр. Муну эмнеге таяп айттыңыз эле?
— Мен муну өз тажрыйбама, уккан-көргөнүмө таяп айттым. Июнь окуясынын алдында да ушундай имиштер, сүйлөшүүлөр, СМС билдирүүлөр эл арасында кеңири таралып, кагылышуу болору ачык эле айтылып калган. Эки адам, беш адам айтса ишенбей койсок болот. А жүздөгөн, миңдеген адам айтып жатканда алдын ала чара көрбөсөк болбойт. Бул элдин арасында ачык айтылып жаткан кеп. Андыктан элди террористтердин жүзүн ачууга чакырып, бизге жардам берүүгө үндөшүбүз керек.
— Азыр Ошто жаш кыз-келиндер уурдалып, кордолуп жатканы айтылып жатат. Бул чынбы? Чын болсо муну кимдер жасашы мүмкүн? Алар жакын арада кармалышабы?
— Сиздерге ачык айтып коеюн, ушундай кеп-сөздөрдү, чагымчыл ушак-айыңдарды ошол радикалдык исламдын, сепаратизмдин өкүлдөрү атайын бийлик менен элдин ортосундагы жараканы тереңдетиш үчүн чыгарып жатышат. Мындай бир да далил жок.
— «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси «Азаттыкка» уурдоо фактылары бар экенин айтты го…
— Мен буга комментарий бере албайм. Аны ал кишинин өзүнөн сураңыздар. Ош шаарында андай фактылар болгон жок. Мүмкүн башка региондордо болгондур.
— «Фергана.ру» сайтында шаардык мэрияга келген өзбектерге психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканы айтылыптыр. Буга не дейсиз?
— Мен калыстык менен айтайын. Учурда көңүлдүн 99 пайызы өзбек туугандарга бөлүнүп жатат. Убактылуу өкмөт тарабынан дагы, эл аралык уюмдар тарабынан дагы буларга жакшы эле жардам болду. Муну жергиликтүү өзбектер координациялык кеңеште өздөрү да бекемдешти. Тескерисинче, бүгүн дайынсыз жоголгон 23 кыргыздын өлүүсүн же тирүүсүн билбей жатабыз.
— Мелис мырза, сиздин пикириңизче канткенде түштүктү стабилдештирүүгө болот? Кандай аракеттер жасалышы керек?
— Биз жылдын башында Ош шаарынын 2025-жылга чейинки өнүгүү концепциясын кабыл алганбыз. Муну айтканым, азыр жабыр тарткандарга үй куруп берип коюу менен маселе чечилбейт. Менимче, стабилдүүлүк болуш үчүн Ош шаарын өнүктүрүүнүн, мындан ары турукташтыруунун башкы концепциясын кабыл алышыбыз керек. Кудай буюрса ошол концепцияны жаңы парламентке алып чыгам. Өлкө бүтүндүгүн ойлогон парламент, өкмөт муну колдоп берет деп ойлойм. Кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Борбордук бийликтин айрым бутактарын, Коргоо министрлигин, Конституциялык сотту, Миграция жана жумуштуулук боюнча министрликти жана Дин иштери боюнча комиссияны Ошко көчүрүү зарыл. Анткени бул мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү толук кандуу болушу үчүн жасалган аракет болот. Болбосо биз сепаратизм оорусунан эч качан арыла албайбыз. Бул күндөн күнгө күчөп кете бере турган оору.
— Байкашыбызча, азыркы бийлик түштүк жакка көп маани бербегендей. Минтип отурса мунун аркасы жаман болбойбу?
— Мен бийлик такыр эмес, жетиштүү деңгээлде көңүл бөлбөй жатат деп айта алам.
— Мындан ары эми түштүктө кырдаал кандай өрчүшү мүмкүн?
— Мындай болот деп көзү ачыктык кыла албайм. Бирок, биз колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, терроризм, сепаратизм менен күрөшөбүз.
— Бир кезде сиз менен азыркы бийлик ортосунда ажырым бар эле. Учурда бийликке көз карашыңыз кандай?
— Мен өзүм бийлик өкүлүмүн. Жалпы эл шайлагандыктан, азыр бийлик жүргүзүп жаткан адаммын. Демек, мен мамлекеттин саясатын толук колдойм. Кээ бир саясый көз караштарыбыздын дал келбей калышын эсепке албаганда, өлкөнүн тынчтыгы, элдин биримдиги үчүн кызмат кылам.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 38-67-73

Сообщение «Терроризмге куралды эмес, коомду каршы коюшубуз керек» появились сначала на presskg.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Экс-футболист Мостовой о предложении от "Пари НН": будем думать и смотреть

Обратная сторона жизни Петра Кулешова

Певец Сергей Лазарев признался, что отдыхал в Турции с Лерой Кудрявцевой

Саша Илич привез в Россию автобус! «Пари» НН с новым тренером добыл нулевую ничью со «Спартаком»

Музыкальные новости

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве

Продолжаются поиски псковича в куртке Nike

Петербургский «Зенит» стал чемпионом Единой лиги ВТБ

МИД РФ: рецидивы эскалации между Ираном и Израилем возможны

Новости России

Обратная сторона жизни Петра Кулешова

Четыре самодельных дрона нашли в багажнике авто в центре Москвы

КАЛМЫКИЯ. В Москве презентовали первый калмыцкий парфюм

Что можно отметить в этот день

Экология в России и мире

В Москве открылся концепт-павильон современных русских дизайнеров и художников

Около 200 учащихся школ и ссузов, а также дошкольников стали участниками Всероссийской акции «Неделя без турникетов» на предприятиях филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис».

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

Сходила на Мосфильм на экскурсию «Волшебный мир Синема»

Спорт в России и мире

Российский теннисист Рублев вышел в финал турнира «Мастерс» в Мадриде

Соболенко и Швентек сыграют в финале турнира WTA в Мадриде

Чех Легечка пожелал здоровья россиянину Медведеву, который снялся с их матча

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Мадриде

Moscow.media

Продвижение новых песен с высоким результатом

Столичные росгвардейцы оказали помощь подросткам, врезавшимся на самокате в уличный фонарь

Презентация новых Apple iPad пройдёт в удобное для европейцев и китайцев время

Озверевший пассажир поезда "Москва – Владивосток" едва не убил соседа по купе











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Что можно отметить в этот день

Открытие ХХIII Московского Пасхального фестиваля: Воскресение и Музыкальное Созвучие

Экс-футболист Мостовой о предложении от "Пари НН": будем думать и смотреть

Саша Илич привез в Россию автобус! «Пари» НН с новым тренером добыл нулевую ничью со «Спартаком»