7-апрель келатат Аялча кийинип качкан погончондор болгон Өткөн жылдагы коогалаңда коомдук тартипти сактоого чыккан милиция кызматкерлери бийликтин буйругун аткарган деп көпчүлүк нааразы болуп, аларга өгөй...
Сообщение 7-апрель келатат Аялча кийинип качкан погончондор болгон появились сначала на presskg.
7-апрель келатат
Аялча кийинип качкан погончондор болгон
Өткөн жылдагы коогалаңда коомдук тартипти сактоого чыккан милиция кызматкерлери бийликтин буйругун аткарган деп көпчүлүк нааразы болуп, аларга өгөй баладай мамиле кылышканы маалым. Милициясы жок өлкөнү элестетип көрсөңүз дейт КР ИИМине караштуу генерал-майор Э.Алиев атындагы академиянын тарбия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Абдразак ТУРДУБАЕВ.
— 7- апрелде чыккан курсанттарга буйрук мыйзамсыз берилген деген кине коюлууда?
— Негизи бул окуу жайга келген курсанттар 1-курстан ант беришет. Алар коомдук тартипти сактоого укуктары бар жана милдеттүү. Биздин академияда бул тууралуу атайын программанын негизинде даярдыктардан өтүшөт. Коомдук тартипке чыгууга маалымат түшкөндө дароо эле кол коюлуп, баары даярдалып калат. Кандай куралданып, кандай кийинип чыгыш керектиги да жазылат. Ошондуктан 7-апрелде курсанттар мыйзамдуу түрдө чыгышкан. Андан тышкары, биз ИИМдин резервинде тургандыктан кандай көрсөтмө берилсе дароо аткарабыз.
— Ошол кезде ИИМ министри Молдомуса Конгантиев Таласта жүрбөдү беле, курсанттарды алып чыгууга ким буйрук берген?
— Буйрукту анын орунбасарларынын бирөө берген болушу керек. Бизге буйрук келбесе, өз алдынча алып чыгууга укугубуз жок. 7-апрелдеги окуя боюнча алган маалыматтарды угуп алып жүрөгүбүз ооруду. Биздин кээ бир кызматкерлер 7-апрелде жөнөкөй кийинип аянтта жүрүшкөн. Академиянын бүтүрүүчүсү Азиз деген жигитибиз курсант Эдил Такырбашевдин жарадар болуп жыгылганын көрүп, аны республикалык ооруканага жеткиришиптир. Ооруканадан дарыгерлер Эдилди бул милиция турбайбы деп кан бербей, карабай, башкаларды кабыл алып туруп алышыптыр. Эдилди тирүү алып барганбыз, ал кансырап эле өлүп калды дейт. Тергөө иштеринде бул маалыматтарга көңүл буруп, Азизди күбө катары сурашса болмок. Граната жарылып Никита Кущ жарадар болуп жыгылганда анын башындагы каскасын чечип жардам берели дешсе, улгайып калган сакалдуу кыргыз киши анын формасын көрүп, желкеге катуу чаап өлтүрүп койду дейт. Ал формачан жигит бирөөнүн жалгыз баласы экенин ошол жердеги митингчилер карашкан жок. Дагы бир өкүнүчтүүсү, курсанттар элдин коопсуздугу үчүн колдоруна курал албай чыгып, таяк жегени аз келгенсип, эртең мененки он бирден түнкү саат экиге чейин ооздоруна наар албай ачка жүрүштү. Кылкылдап Ак үйдүн короосунда ары-бери кагылышып турдук. Түнкү саат экиден өтүп калганда гана жөө-жалаңдап окуу жайга келишти. Ачка турган балдарга жок дегенде анча-мынча тамак уюштуруп, көңүл бурса артыбызда бизди коргоп турган командирлер, жетекчилер бар турбайбы деп ишеним пайда болмок. Ошол жерден курсанттарга ыраазы болгонум, бир-экөөнүн ата-энеси тамак алып келсе, баары кичинеден бөлүп жешти. Айтмакчы, ошондо курсант баласына тамак алып келген атасын сырттагылар эле атып өлтүрүштү.
— Мыйзамга ылайык мындай жерге чыкканда курсанттар кандай куралданышы шарт?
— Ошол күнү курсанттар атайын коргонуучу брон кийимдерди кийип чыгышкан. Негизи бул кийимдер абдан ыңгайсыз. Ушул кийимдер менен курсанттар кандай ыңгайсыздыкка кабылганын 2005-жылы 24-мартта эле байкагам. Бут жагын коргоочу эч нерсе болбогондуктан ал жакка ыргытылган буюмдар, таш, ок тийиши мүмкүн. Чындыгында ошол күнү бардык күч органдарынын башын бириктирген эч ким болбой, башаламандык күч алды. Министр ал жерде болбосо да анын орунбасарлары, генералдардын бирөө өзүнө саясый эркти алып, Ак үйдү кармап калса болмок. Ошол жердеги генералдардын көпчүлүгү акырындап кетип калышты. Эгер алар чыныгы патриот болсо, кол алдыбызда иштегендердин тагдыры кандай болот, ушунча элден аларды кантип куткарып кетем деп ойлобойт беле. Эртеси прокуратура бизди чакырып, эки-үч күн суракка алышты. Колдоруна курал албай чыккан офицерлерди суракка алышат, ал эми элдин арасындагы куралчандарды, граната жардыргандарды, сайдыргыч-кескичтерди көтөрүп жүргөндөрдү телевизордон көргөзүп атышат, эмне үчүн аларды изилдешпейт?
— Ошол башаламандыкта качып кеткендер да болдубу?
— Качып кеткендер да болду, бирок алар азыр медаль алып баатыр болуп жүрүшөт. Ошол кезде аялдын кийимин кийип жылт койгон кээ бир погончондорду деле көрдүк. Аны көргөн курсанттар кийин аларды сыйлабай калышты.
— Аянтта көз жумган эки курсантка эмне үчүн баатырдык берилбеди?
— Курсанттар каза болгондо эки-үч күнгө чейин аларды эч ким ойлогон жок. Аларды деле баатыр катары Ата-Бейитке койсо жарашмак. Жерге берип атканда убактылуу өкмөттүн бир кишиси келбеди. Биртоп убакыттан кийин гана эстерине келишти окшойт, көңүл бура башташты. Биздин академия эки курсантка баатырлык наамды берели деп эки жолу жогору жакка жаздык. Бирок бул иш алигиче каралбай атат. Жакында алардын жылдыгы болот. Булар аман болгондо быйыл окуу жайды бүтүшмөк. Никита окуу жайдагы КВНдин активдүү катышуучусу эле. Ушунчалык патриот болчу. Анын «башка жакта кыргыздыкындай тоо жок, мен ансыз жашай албайм, киндик каным тамган жер» деп айтканы эсимде.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
Сообщение 7-апрель келатат Аялча кийинип качкан погончондор болгон появились сначала на presskg.