Канат ИСАЕВ, «Республика» фракциясынын лидери: «Ата журттун» айрым депутаттарын криминал коркутуптур…» ЖоКедеги «Республика» фракциясынын жетекчиси Канатбек ИСАЕВ айрым «ата журтчу» депутаттарды Араб эмираттарында бөгүп жаткан...
Сообщение «Ата журттун» айрым депутаттарын криминал коркутуптур…» появились сначала на presskg.
Канат ИСАЕВ,
«Республика» фракциясынын лидери:
«Ата журттун» айрым депутаттарын криминал коркутуптур…»
ЖоКедеги «Республика» фракциясынын жетекчиси Канатбек ИСАЕВ айрым «ата журтчу» депутаттарды Араб эмираттарында бөгүп жаткан кримдүйнө лөктөрү коркутуп атканын билдирди. Ошондой эле кылмыш чөйрөсү менен карым-катнашта жүргөн эл өкүлдөрүн тийиштүү органдар аныкташы зарылдыгын кошумчалады. Бул боюнча «Республика», «Ата журт» фракцияларынын лидерлери ойлорун төмөнкүчө ортого салышты.
— Курама өкмөттүн алдына койгон орчундуу максаттарынын бири — уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркуу эле. Өкмөт айткан сөзүнө туруп, кримдүйнөгө каршы күрөш жарыялады. Криминалдык чөйрөнүн жетимиштен ашуун активдүү мүчөсү кармалып, айрымдарына издөө салынды.
Өкмөттүн, анын ичинде Ички иштер министрлигинин аракети натыйжа бере баштагандан кийин негедир «Ата журт» фракциясынын кээ бир депутаттары негизсиз эле коалициядан чыгарын жар салышты. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Араб эмираттарында жашырынып жүргөн кылмыштуу топтун лидерлери «Ата журттун» айрым өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп атыптыр. Ошонун негизинде парламенттик көпчүлүктү уратып, жаңы өкмөт куроону пландаганы тууралуу бизде маалымат бар.
— Криминалдын кысымына кабылган кесиптештериңиздин ысымдарын ачык айтпайсызбы?
— Эми ал этикага жатпайт. Анүстүнө бул такталбаган маалымат болгондуктан конкреттүү айтыш кыйын. Муну маалымат каражаттары изилдеп, аныгына чыкса керек.
— Парламентте кримдүйнө менен тыгыз алака курган адамдар бар экендиги буга чейин эле айтылып келет. Неге ага карата чара колдонбойсуздар?
— Кесиптештерибизге чара колдоно тургандай механизм жок. Муну сот органдары аныктасын.
— «Ата журт» фракциясы 10 талап койду. Алардан бөлөк да «көмүскө» талаптар бар дейт. Маселен, 1-вице-премьер, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду кызматынан кетирүү «ата журтчулардын» негизги мүдөөсү экен. Эгер өкмөт башчысы буга макул болсо, сиз жетектеген фракция кандай чара колдонот?
— «Ата журттун» талабы баарыбызга белгилүү. Ал эми андан бөлөк дагы кандай талаптар бар экенин билбейм. Бирок Бабановду кызматынан кетсин деген талап «Ата журт» фракциясынан түшкөн эмес. Анткени «Ата журт» менен КСДП фракциясынын добушу көпчүлүктү түзбөйт. Демек, алардын аракети жүзөгө ашпайт. Биз деле оозубузду ачып отура бербейбиз, кырдаалга жараша иш жасайбыз.
Өмүрбек Бабановго күнөө коюудан мурда ириде аны далилдеш керек. Тагылган айыптар аныкталса, анда фракциянын чечимин чыгарып, өзүбүз эле Өмүрбек Токтогуловичти кетиңиз дейбиз. Арийне, бүгүнкү күндө ага негиз жок.
Жума башында 12 депутаттан турган коалициялык кеңеш түзүлдү. Ал 10 талапты талкуулайт. Коюлган талаптар коалицияга кирген партиялардын позициясына, программаларына дал келсе, аларды сөзсүз түрдө колдоп беребиз.
— «Республика» фракциясы коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзүүгө далалат кылгандай. Бирок, парламенттик көпчүлүктүн кээ бир мүчөлөрү буга бут тосконсуйт…
— Биздин фракция жүргүзүп аткан саясатка ачык каршы болгондор жок. Балким, тымызын бут тосууга аракеттенсе аракеттенишкендир. Тоскоолдуктарга карабастан, коррупцияга бөгөт коюунун үстүндө иштеп атабыз. Алсак, «Республикадан» сунушталган жигит «Манас» аэропортунун президенттигине дайындалды. Ал баргандан кийин эле буга чейин аэропортто калыптанган коррупциялык схеманы аныктады. «Манастан» миллиондор уурдалып, өлкө казынасына зыян келтириптир. Далилдүү документтер тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарым бар.
Ошол эле Мегаком компаниясында апрель окуясынан кийин 143 млн. сом уурдалганы ачыкка чыкты. Ошого карабастан Башпрокуратура кылмыш ишин козгогон жок. Тескерисинче, кыргыз өкмөтү дайындаган эки адамга кылмыш иш ачты. «Республика» фракциясы мындай көрүнүшкө кайдыгер карабай, башпрокурор Кубатбек Байболовду кызматтан кетсин деген талап коюп атабыз. А кишинин үй-бүлөсү Америкада жашайт. Өзү деле Кыргызстандагы бизнес объектилерин сатып бүтөр замат Америкага кетерин жакын санаалаштарына айтканын уктук. Минтип ишине көңүл кош мамиле жасаган адам кимди жыргатат? Мамлекетибиз үчүн жакшы кызмат кыла алабы? Элин, жерин таштап кетем деген адамдар мамлекеттик кызматта турбашы керек.
Сообщение «Ата журттун» айрым депутаттарын криминал коркутуптур…» появились сначала на presskg.