«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок. БШКда Турсунбай Бакир уулунун тизме боюнча партияга каршы жазган арызы 2-сентябрда каралды. Эми Турсунбай Бакир уулу партиядагы тизме боюнча сотко кайрылаарын билдирди.