Болгариянын баш калаасы Софияда премьер-министр менен башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар менен полиция кагылыша кетти.
Бүгүн, 2-сентябрда миңдеген адамдар Софиянын мамлекеттик башкы имараттары жайгашкан Эгемендик аянтына топтолуп, өкмөттүн жаңы Конституция боюнча планына каршылык билдиришти. Демонстранттар Болгариянын өкмөтүн жана сотторун олигархтар көзөмөлдөп калганын айтып жатышат.
Демонстранттар полициянын тосмосунан өтүүгө, алардын автобустарын оодарып салууга аракет кылышты. Софиянын полициясынын жетекчиси Георгий Хажиев демонстранттар күч кызматкерлерине жумуртка, помидор жана таш ыргытканын, мындан улам митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын айтты.
Болгариянын мамлекеттик жаңылыкттар агенттиги 30дай киши кармалганын билдирди. Демонстранттардын да, полиция кызматкерлеринин да арасында ооруканага түшкөндөр бар экени кабарланды.
Демонстранттар премьер-министр Бойко Борисовдун, анын өкмөтүнүн жана башкы прокурор Иван Гешевдин кызматтан кетишин, парламенттин таратылышын талап кылууда. 2-сентябрдагы митинг парламент эс алуудан кийин жаңы сессияга чогулган учурга туш келди.