Коронавирус пандемиясынан улам Ысык-Көлдө быйыл жайкы туризм үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу салыктын көлөмү июнь айында 63%, июлда 42% азайды. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев бүгүн, 2-сентябрда брифингде билдирди.
«2020-жылдын жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-июндан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. Бирок июнь айында эс алуучулардын жоктугунан улам айрым эс алуучу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тартууга мажбур болушту», - деди Жантаев.
Расмий маалыматтар боюнча Ысык-Көл облусунда жалпы жонунан 533 эс алуучу жай катталган болсо, 1-июлга карата анын 313ү гана иштеди.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык каттамдар токтогон.
Пандемия күч алган июнь-июль айларында өлкөдө шаар аралык каттамдарга тыюу салынган.
Ысык-Көлгө жергиликтүү туристтерден тышкары көбүнчө Казакстан менен Орусиядан туристтер келип эс алышат. (KS)