АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Беларус бийлигинен оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылды.
Помпео бул тууралуу 2-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Кошмо Штаттар Европадагы өнөктөштөр менен бирге Беларустагы айрым жетекчилерди бутага ала турган санкцияларды караштырып жатат.
Помпео өзүнүн көрсөтмөсү мамлекеттик катчынын орун басары Стивен Биган чөлкөмгө барып келгенин, Вашингтон "Беларус эли өз лидерин өзү тандоо укугуна татыктуу" деп эсептей турганын кошумчалады.
Анын алдында Биган АКШ европалык өнөктөштөр менен бирге Беларус бийлигинен саясий туткундарды бошотууну, демонстранттарга күч колдонууну токтотууну жана элге эркин шайлоо аркылуу өз өкмөтүн өзү тандоого шарт түзүүнү талап кылууну улантарын "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирген.
Беларуста президент Александр Лукашенкого жеңген шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрациялар 9-августтан бери токтобой жатат. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар бүгүн да уланууда. Бир күн мурдагы Минскидеги жүрүштөрдө 120дан ашык адам кармалганы белгилүү болду.