16-августта өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан июль айында COVID-19 вирусунун жапырт жайылышын кыйынчылык менен тосконун белгилеп, кийинки толкун күздүн соңку айларына туш келиши мүмкүн экенин билдирди.
“Июль айында эң чоң көрсөткүч болду. Бардыгыбыз кыйналдык. Биринчиден, анда эң оор абалда келгендер көбөйдү. Экинчиден, мындай толкунга биз даяр эмес элек. Карантин убагында бардыгы санитардык-эпидемиологиялык режимдерди сактап турган эле. Мына биз кошумча орундарды ачтык, күндүзгү ооруканаларды ачууга да туура келди. Негизинен Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге жүк болду. Медициналык кадрлардын, жабдуулардын жетишпестиги да ушуга себеп болду. Эми эч ким экинчи толкун болбойт деп кепилдик бере албайт. Ошондуктан “менде антитело бар, ооруп чыктым, эми оорубайм” дегенден алыс болуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактайлы. Азыркы божомолдо ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук-вирустук инфекция кошулганда, кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бизде буга медициналык кызматкерлерде максималдык даярдык бар”,-деди Мадамин Каратаев.
Буга чейинки брифингдердин биринде премьер-министр Кубатбек Боронов “Кыргызстанда 13,5 миң медицина кызматкери бар экенин айтып, эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүндүгүн” маалымдаган.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Июль айында жуктургандардын саны күнүнө бир жарым миңден ашык катталып турган. 16-августка карата илдеттин курмандыктары 1495 кишиге жетти. Вирусту 41 856 киши жугузуп алып, анын 34 306сы айыкты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башка тараптар да жайдын соңунда же күздө вируска кабылгандардын экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин билдиришкен. Алар өкмөттөрдү алдыдагы күндүн камын азыр көрүүгө чакырышууда. (ErN)