8-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…24, күндүз 32…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36 градус болот.