Кыргызстанда акыркы бир сутка аралыгында коронавирустан 11 бейтап каза болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдиргендей, вирустан кайтыш болгондордун бешөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда катталды.
Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти.