Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көйгөйдү айтып чыккандар кысымга кабылып жатканын ыктыярчылар президентке жеткиришти

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга барган ыктыярчылар көйгөйлөрдү ачык айтып чыккан дарыгерлер, ыктыярчылар, жарандык активисттер жана журналисттер кысымга кабылып жатканын айтышты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.


Жолугушууда ыктыярчылар илдет жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте жана кошумча төлөмдөр бериле электигин, аларды реабилитациялоону, дары ташып келүүдөгү салык, бажы көйгөйлөрүн жана жалпы эле саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтерди санап беришти.


Сырттан келген каражаттар натыйжалуу бөлүштүрүлбөй жатканын, ал акчалардын королушунун ачыктыгы боюнча сунуш айтышты. Ошондой эле алар пандемиянын экинчи толкуну күн сууктаган мезгилге туш келээри божомолдонуп жатканын айтып, ага даяранууну белгилешти. Айрым ыктыярчылар мамлекеттик органдар жеке коргонуучу каражаттарды кымбат сатып алган, ооруканалардын биринин башкы дарыгери жардамды кызматкерлерине таратпай койгон фактыларга токтолушту.


Жолугушууда ыктыярчылар өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдөн баштап, адам укугуна чейинки маселелерди көтөрүштү.


Президент Сооронбай Жээнбеков айтылган маселелер боюнча жооп берип, алардын айрымдарын чечүү үчүн убакыт талап кылынат, ал эми көпчүлүгү ишке ашырылып жатат деди. Мамлекет башчысы жолугушуунун натыйжасы болоорун белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларга ыраазычылык айтып, абал турукташкандан кийин ыктыярчылардын катышуусу менен республикалык форум уюштуруларын кошумчалады.


Президент менен жолугушууга «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси Бабур Тольбаев, "Бирге” ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү Элдар Шабданов, "Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылынын координатору, журналист Тынчтык Алтымышев, “Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Наталья Гребнева, алып баруучу Айзада Жамгырчиева, ырчы Анжелика Кайратова, “Биз барбыз“ штабынын жетекчиси Урмат Насыкулов, “Элим барсыңбы” ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү Эркин Рыскулбеков, “Кызыл Жарым ай” коомунун өкүлү Бермет Усубалиева, “Поколение Best” коомдук бирикмесинин төрайымы Нуриля Чолпонбаева, спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев, жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү Аскар Алмаз уулу катышты.


Жолугушууга вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus