«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылуусун жарыялады.
Кайрылууда ал өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндө акыркы окуяларды мисал кылып, анализин жазган. Анда Кыргызстанда COVID-19 илдетине байланыштуу абал өтө оор экени, жарандык коом, ыктыярчылар кырдаалды жөнгө салууда эбегейсиз эмгек кылып жатканы айтылат. Өлкө жарандары көйгөй менен өздөрү жалгыз калганын белгилеп, айрымдардын маселени чечүүдө четте турбай жардам берип жатканы сөз эркиндиги жана жарандык коомдун активдүүлүгүнүн белгиси экени жазылган. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан парламент алардын ишине тоскоолдук жаратып жатканына токтолгон.
Кайрылууда Жакупова Интернеттеги бийликти сындаган тамаша билдирүүлөрү үчүн күч кызматкерлери жарандарды суракка алып жатканын, өз пикирин айтууга чыккандардын камалышын кескин сындаган.
“Тынч жыйындар, ар кандай сындардын баары эле мамлекет үчүн кылмыш катары бааланып жаткандай элес калтырууда. Мындан улам эскертким келет, сөз эркиндиги биздин коомдун негизги жетишкендиктеринин бири. Бирок бийлик эркиндикти сүйгөн кыргыз элинде демократиялык принциптерге туура келбеген жолго барып жатат. Биздин коомго жат ыкманы колдонуп жатышат. Бийликтин мындай катаал чараларынын аракети терс натыйжа берип калышы мүмкүн. Мындай кадамдар коомчулуктун биригүүсүнө алып келет”, - деди Жакупова.
Юрист социалдык тармактарда, медиада кысымга кабылган блогер жана активисттерди колдоп чыккандар көп экенин белгилеп, бийлик өкүлдөрүн реалдуу чындыкты көрүүгө чакырды. Ошондой эле бийликтен сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылды.
Ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бийликти сындаган жарандарды күч кызматкерлеринин суракка алганы боюнча юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдон Баш мыйзамда жазылгандай адам укугун жана сөз эркиндигин камсыз кылууну суранган.
Президенттик аппарат жана Башкы прокуратура Чолпон Жакупованын кайрылуусуна комментарий бере элек.
Ушул апта ичинде Интернетте бийликке тамашалуу сын жазган үч жаран күч органдарында сурак берип чыкты. (TSh)