Жума күнү, 17-июлда Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин башчылары аймактагы коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтууну сүйлөшүү үчүн Брюсселге эки күндүк саммитке чукул чогулду. Алар бул багытка 750 миллиард евро өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү планын талкуулашмакчы. Буга чейин мындай планды Франция менен Германия колдоп чыккан, бирок Европанын түндүгүндөгү бир нече мамлекет каршы болууда.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа үчүн "чынчылдыкты жана дымакты көрсөтүү маалы келгенин" билдирди:
"Биз азыр саламаттык сактоо, социалдык жана экономикалык тармактарда мурда болуп көрбөгөндөй каатчылыкты баштан кечирип жатабыз. Бул көбүрөөк тилектештикти жана дымакты талап кылат. Биз Европада бардык тармакта кайра жандануу болушу үчүн азыр мунаса табышыбыз керек", - деди Макрон.
Өткөн аптада Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель коронавирус пандемиясынын көп жабыркаган өлкөлөргө 500 миллиард еврону карызга, ал эми калган 250 миллиардды грант түрүндө берүүнү сунуштаган. Нидерланд, Австрия, Швеция жана Дания буга каршы чыгып, гранттын көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуу керектигин айтып жатышат.