Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Газни провинциясында жол четине катылган бомба жарылып, Даяк райондук полициясынын башчысы баштаган үч кызматкер набыт болду. Провинциянын губернаторунун басма сөз кызматынын өкүлү Вахидулла Жамазада бомба эртең менен көзөмөл-өткөрмө бекеттерди текшерип жүргөн учурда жарылганын маалымдады.
Анын алдында Кандагар провинциясындагы жанкечтинин айынан бери дегенде үч полиция кызматкери мүрт кетип, дагы 20 адам жарадар болгон. Алардын арасында аймактык полициянын башчысы жана жайкын тургундар да бар.
Кандуу окуя шаршембиде Шах-Вали-Кот районундагы полициянын кеңсесинин жанында болгон. Провинциянын губернаторунун басма сөз өкүлү Ахмад Бахир Ахмади билдиргендей, чалгын кызматы буга чейин полициянын кеңсесине кол салуу даярдалып жатканы тууралуу маалымат берген. Жанкечтини полиция кызматкерлери атып өлтүрүүгө үлгүргөн, бирок анын жанындагы бомба жарылып кеткен.
Шаршембидеги кош кол салууну «Талибан» кыймылы уюштурганын мойнуна алды.
Мунун алдында ооган президенти Ашраф Гани жоочулардын чабуулунун күчөшү «Талибан» менен тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүүгө «олуттуу кедергисин» тийгизерин эскерткен. Ал дүйшөмбүдө эл аралык коомчулукка онлайн маалымат берип жатып, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө карабай, быйыл былтыркыга салыштырмалуу зомбулук, кол салуу, чабуул күчөгөнүн билдирген.
Кабул менен «Талибан» кыймылы дээрлик 20 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында көзмө-көз сүйлөшүүгө камынып жатат. Бирок ооган бийлиги бул топту акыркы жумалардагы ондогон жайкын тургундун, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн өлүмү менен аяктаган чабуулдар үчүн айыптап келет.
«Талибан» мындай чабуулдардын көбү үчүн жоопкерчилик алган эмес, бирок айрым аймактарда ооган коопсуздук күчтөрүн бутага алганын ырастаган.