Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кытай Гонконгдо жаңы улуттук коопсуздук мекемесин түзөт

Кытай бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жараткан Гонконгодогу улуттук коопсуздук жөнүндө жаңы мыйзамдын шарттарын жарыялады.


20-июнда “Xinhua” мамлекеттик агенттиги тараткан билдирүүгө караганда, Гонконг бийлиги аймактын жетекчиси Керри Лэм башында турган улуттук коопсуздук комиссиясын түзөт. Бул мекеме Бээжинге «отчет берет» жана Кытайдын борборунан «көзөмөлдөнөт».


Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам Гонконг полициясына “мамлекеттик бийликти кулатууга, террордук аракеттерди жана чет элдик, сырткы күчтөрдүн таасири менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерди” кылмыш жоопкерчилигине тартууну ишке ашырат.


Кытай парламенти жергиликтүү мыйзам чыгаруу органын айланып өтүп, май айында мыйзам долбоорун жактырган. Былтыр Гонконгдо демократияны коргоп, административдик аймакта Кытайдын таасири күчөп баратканына нааразы миллиондогон киши көчөлөргө чыккан.


“Xinhua” агенттиги билдиргендей, Лэм улуттук коопсуздукка байланыштуу иштерди карай турган сотторду да дайындайт. Бул мыйзамды сындагандар эми Бээжиндин Гонконгду көзөмөлдөөсү мурдагыдан дагы күчөгөнүн белгилешет.


2019-жылдын июнунда Гонконгдо бир миллиондой адам кылмышкерлерди расмий Бээжинге өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышкан. Ошондон бери Гонконгдо толкундоолор уланып келет.  

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus