Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Болот Шер элине тутка, калкына канат боло алды  

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин (Болотбек Шерниязов) каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун таратышты.


Кайрылууда Болот Шердин саясатка, маданиятка, спортко кошкон салымы белгиленип, кыргыз эли орду толгус чоң жоготууга учураганы жазылат.​


“Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду. Ал өмүрүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, демократиялык баалуулуктарды коргоого, маданий жана руханий көрөңгөсүн сактоого жана жайылтууга арнады. Болот элине тутка, эркиндиги чектелип, эл тепселчү маалда калкына канат боло алчу”, - деп айтылат кайрылууда.


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2005-2010-жылдардагы саясий окуяларда Болот Шер өлкөдөгү авторитардык, үй-бүлөлүк, коррупциялык бийликке каршы ачык сын айтып, жолдошторуна дем берип турганын белгилешти. Болот Шер 2008-жылы Каркыра боюнча маселеде тайманбай, чагымчыл топтун соккусуна туш болгонуна карабай кайратынан жазбаганы белгиленди.


Көңүл айтуу катында Болот Шер эгемен Кыргызстандын маданий кайра жаралуусунун башында туруп, улуттук спорттун, маданияттын жана адабияттын башкы күйөрманы жана демөөрчүсү катары салым кошкону, анын ичинде көк бөрү оюнун жайылтуудагы салымы белгиленет. 


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Абдыганы Эркебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Исмайыл Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев, Элмира Ибраимова Болот Шердин үй-бүлөсүнө жана кыргызстандыктарга көңүл айтат.


Болот Шер да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.


21-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.


2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган. «Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган. Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus