Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Боронов: 118 кызматына кошумча адистерди тартыш керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында 118 кызматына кайрылган адамдар тийиштүү маалыматты ыкчам алышы керек экенин айтты. Боронов учурда бул кызматтын ишине нааразы жарандар көп экенин белгилеп, "операторлор жетишсиз болсо, кошумча адистерди тартыш керек" деди.


“Көптөгөн жарандар адистердин кеңешин алуу үчүн 118 түз байланыш кызматына чалып, ала албай жаткандарын билдирип нааразы болууда. Адамдар чалганда ыкчам жооп кайтаруу зарыл. Эгерде операторлор жетишсиз болсо, оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек”, - деди Боронов.  


Өкмөт башчы өлкөдө абал начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болуп, "Тез жардамдын" санын көбөйтүү зарылдыгын айтты.


“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандар көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан бейтаптар жаткырылчу жайларды камсыздоо керек. Бул өлкөнүн бардык региондоруна тийиштүү”, - деди Боронов.


Социалдык тармактарда дене табы көтөрүлгөн жарандар 118 кызматына чалып байланыша албай жатканын жазышууда.


21-июнга карата Кыргызстанда 170 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Жалпы коронавирус жуктургандардын саны 3151 адамга жетти. Акыркы суткада вирус жуктуруп алган эки адам каза тапты. Ушул тапта стационарда 528 бейтап бар. 38 адамдын абалы оор. 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus