COVID-19: Акүй дезинфекцияланды
22-июндан тартып парламенттин аппарат кызматкерлери коопсуздук максатында аралыктан иштөөгө өтүшөт. Депутаттар санитардык талаптарды бекем сактоо менен ишин улантышат.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон жана басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус илдети аныкталган. Экөө тең дарыланып жатат. Дагы бир депутат, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да коронавируска чалдыкканы кабарланып, бирок расмий тастыктала элек.
COVID-19 илдетине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.
21-июнга карата Кыргызстанда 170 адамдан коронавирус илдети аныкталды.(ZKo)