Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШда президент Трамптын шайлоо алдындагы митинги өттү

Оклахома штатындагы Талса шаарында миңден ашуун адамдар президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы митингине чогулушту. Бул АКШда марттын ортосунда киргизилген чектөөлөрдөн кийинки алгачкы ири иш-чара.


Бир жарым сааттык сөзүндө президент Дональд Трамп шайлоодогу атаандашы Жо Байденди сынга алды. Андан тышкары маалымат каражаттарын “радикал солчулдарды” айыптады.


Америкадагы башаламандыктар тууралуу сүйлөп жатып, Трамп өзүнө “мыйзам менен тартиптин президентимин” деген баа берди. Ал ошондой эле айрым нааразылык акцияларда эстеликтердин талкаланышын жана Америка желегинин өрттөлүшүн сынга алды.


Митингге катышарын Интернет аркылуу миллионго чукул адам билдиргени менен, бирок Талсадагы аянтка чогулган адам кыйла аз болду. Трамптын айланасындагылар буга оппоненттерин күнөөлөштү. Маалымат каражаттары болсо буга Оклахома штатында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна байланыштуу кооптонуу себеп болгонун жазышты.


Саламаттык сактоо департаменти Талсадагы митингдин катышуучуларына коронавирус жугуу коркунучу чоң экенин эскертти. Митингдин алдында Трамптын штабында иштеген алты кызматкерден COVID-19 вирусу аныкталганы маалым болду.


Буга карабай, Талсадагы митинг март айында карантин жарыялангандан берки убактагы шайлоо алдындагы эң ири иш-чара болду.


Акыркы убактардагы сурамжылоолор боюнча президент Дональд Трамп атаандашы Жо Байденден артта келе жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus