Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар "Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту. Бирок топтолгондой тарабай турат.
Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу. Бирок өкмөттүн токтому менен 2030-жылга чейин Кочкор району узак мөөнөткө пайдаланууга алган.
Окуя боюнча Нарын райондук ичик иштер бөлүмү Жазык Кодексинин 265- беренеси (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. (MiK)