Район аймагында вирус жуктургандардын эң акыркысы 22-май күнү сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу райондун акими Нурбек Сатаров бүгүн, 23-майда брифингде билдирди.
Аким ошентсе да жергиликтүү бийлик коронавируска каршы күрөшүү иштерин улантып жатканын белгилеп, элди тартипти сактоого чакырды:
"Тартипти сактоо керек. Айт майрамында да үйдөн чыкпай, жөрөлгөлөрдү үйдөн жасоого чакырам. Муктаждык болбосо Нарын шаарына, Бишкекке барууну токтото турсаңыздар деп суранат элем".
Акимдин маалыматына караганда, учурда райондогу обсервацияда 28 жаран бар. Чет мамлекеттен келип, үй карантинине алынган адамдар да бар. Ат-Башы районуна оору көп катталган аймак катары 15-апрелден 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.
Нарын облусунда коронавирус илдетине 242 адам чалдыккан. (MiK)