Муфтий казыларга айт намаз мечиттерде окулбай калганын элге туура түшүндүрүүнү тапшырды
Жыйында муфтий Максатбек Токтомушев өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу басаңдай элек экенин белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин эрежелерин так сактоого чакырды.
Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Муфтият мындай чечимин эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө аракети менен негиздеди.
24-май - Орозо айт. Бул күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин «КТРК» телеканалы аркылуу мусулмандарды куттуктайт жана кайрылуу жасайт.
24-март - Орозо айт майрамы быйыл дем алышка туура келгендигине байланыштуу мыйзамга ылайык 25-май дем алыш күн саналат. (TSh)