БП: Беларус соту Үсөновду саясий негизде кесилген деп экстрадициялоодон баш тарткан
«Өзүм барганда да бул маселени көтөрүп, үч жолу сүйлөштүк. «Ооба, карайбыз» деген, бирок 2018-жылы Беларус соту дагы «саясий негизде соттолгон деп өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Ага карабастан дагы деле сурап келебиз», - деди Жамшитов.
Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзөрү кабарланган. (TSh)