Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Коопсуздук кеңеши антикоррупциялык жаңы стратегиянын долбоорун талкуулайт

2020-жылдын июнь айында 2020-2024-жылдарга карата өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун талкуулаш үчүн жыйын өтөт. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.


Стратегиянын долбоору Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимдерин ишке ашырыш үчүн аталган кеңештин улуттук эксперттер тобу менен бирге иштелип чыкты. Президенттин сайтындагы маалыматта стратегия мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган, замандын шартына ылайыкташкан механизмдер иштелип чыкканы кабарланат.


Анда салык жана бажы жол-жобосун фискалдаштыруу, саясий кызматта иштегендердин байлыгын текшерүү, коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын түзүү, коррупция үчүн жазаны катаалдаштыруу сыяктуу чаралар камтылган. Стратегиянын толук долбоорун бул жактан окусаңыз болот.  




Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынында өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталган. Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо-кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилген. 


2020-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.


«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus