Мэрия: жыл башынан бери экологиялык эрежени бузгандарга 3,5 млн. сом айып салынды
Ал ишканаларга имаратынын айланасын таза кармап, бактарды сугарып туруш керек экенин эскертти. Анын айтымында, дөңгөлөк желимдөөчү жайларда эски дөңгөлөктөрдү көчөгө чыгарып коюуга тыюу салынат. Шаардык бийлик дөңгөлөктөр жеке менчик мончолорго жагылып жатканы аныкталса катуу чара көрүлөрүн билдирди.
Акыркы жылдары экологдор Бишкек шаарында санитардык-экологиялык талаптар сакталбай жатканы абанын булганышына алып келгенин айтып жүрүшөт. (TSh)