Памирден келген кыргыздар үчүн жети үйдүн курулушу башталды
Курулуш иштери менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда турак жай үчүн казынадан 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй-бүлө өз демилгеси менен көчүп келген. Алар Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган. Жергиликтүү бийлик боордошторду тамак-аш, отун менен камсыз кылып жатат. (DU)