Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллиондон ашты. 20-майда бир күндүн ичинде вирус табылган адамдардын саны рекорддук чекти көрсөттү. COVID-19 илдетинин жаңы учурлары Түштүк Америка менен Индияда көбөйдү. АКШ баштаган айрым өлкөлөр карантинди жумшарта баштады.