Башкы прокуратурада ишкерлерди колдоо боюнча бөлүм түзүлдү
Анын айтымында, бул бөлүмдө төрт кызматкер иштейт. Алар фискалдык жана башка органдардын ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөрүнүн алдын алуу багытында иш жүргүзөт.
Кыргызстанда ишкерлер арасында мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө нааразы пикирлер көптөн бери айтылып келатат.
Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2019-жылда аткарылган иштер тууралуу отчётун көпчүлүк добуш менен колдоп берди. (NT)