ӨЭУ боюнча парламенттик талкууга даярдык сынга кабылды
Жакупова уюштуруу иши өтө төмөн деңгээлде болуп жатканын белгиледи.
Мисал катары ал «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлгөн телефон номуруна кайрылганын айтып, бирок талкууга катышабы, жокпу, жообу белгисиз болуп жатканын, мыйзам долбооруна жазуу түрүндө жөнөткөн сунуштары да эмне болгону белгисиз экенин билдирди.
Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Ал быйыл март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер мыйзам кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.
22-майда бул долбоор боюнча парламенттик талкуу өткөнү жатат.
Буга чейин ӨЭУ боюнча мыйзамга каршы 70 уюм кайрылуу тараткан.
Жогорку Кеңештен Жакупованын билдирүүсүнө азырынча жооп боло элек. (RK)