Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абылгазиев: жыштык сатууга байланыштуу күнөөм жок

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин 21-майдагы жыйынында жыштык сатуу боюнча өз дарегине карата айтылган сынга жооп берип, аны четке какты. Ал депутат Жанарбек Акаевдин айткандары негизсиз экенин билдирди. Өкмөт 2019-жылы жыштыктардын абалын текшерүүнү чечкенин кошумчалады.   


Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.


Өкмөт ага «депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп жооп кайтарган. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөт өкүлдөрү түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирген. 


Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокурору Нуркамал Набиев парламенттин бүгүн, 21-майдагы сессиясында билдирген.


12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.


Укук коргоо органдары Черногубованын кармалышы тууралуу эки күндөн кийин маалымдаган. Калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат бере элек. Бул иш боюнча өкмөттүн аппаратынын жетекчиси да суралып жатканы кабарланган. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus