Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өлкө жетекчилиги акын Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты

Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү 22-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилеринин, чыгармачыл чөйрөнүн атынан жарыяланган некрологдо кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылды.


Анда: «Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөлүк өнөрдүн туу башында келди. Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. 2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында баш байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкышына ээ болгон. Элмирбек Иманалиев - көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында драматург С.Алтымышевдин «Токтогул» драмасында башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан. Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» коомдук фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теледолбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди. Чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элбиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт» деп айтылат.


Ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Элмирбек Иманалиев Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Улуттук филармониянын студиясын аяктаган, «Сейтек» борборунда, Улуттук филармонияда, Чүй облустук драма театрында иштеген. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана анда беш жыл төрагалык кызмат аткарган.


Маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus