Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дарыгерлерге 28 млн. сом кошумча сый акы катары төлөнүп берилди

Медицина кызматкерлеринин март айындагы айлык акысына кошумча төлөм үчүн 38,5 млн. сом бөлүнгөн. 21-апрелге карата анын ичинен 28 млн. сому 4 538 медициналык кызматкерге таратылып берилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 21-апрелдеги брифингде билдирди.


«Апрель айы үчүн айлык акыга кошумча сый акы катары берилүүчү 132 млн. сом каралууда. Бул сумма дагы такталат», - деген вице-премьер-министр медициналык кызматкерлердин айлык акылары боюнча да өзгөртүүлөр киргизилип жатканын кошумчалады.


Анын маалыматына караганда, өкмөттүн чечими боюнча, негизги эмгек акы толук берилет. Мындан тышкары эмгек катышы коэффициенти (КТУ), индикатор боюнча да мыйзам чегинде каралып берилет.


Аида Исмаилова коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал көп тармактардагы, анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кемчиликтерди ачык көрсөткөнүн белгилеп, өкмөт бул кемчиликтерди оңдоонун үстүндө иштеп жатканын айтып кетти. 


Өкмөт коронавирус илдети менен күрөшүп иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге айлык акысына кошумча сый акы катары 28 миң сомдон 48 миң сомго чейин берилерин, ал үчүн Саламаттык сактоо миинстрлигинин атайын эсебине келип түшкөн акчадан 38,5 млн. сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Бирок айрым медицина кызматкерлери убада кылынган акча берилбей жатканын айтып, нааразы болуп жатышат. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus