ИИМдин ондон ашуун кызматкери обсервацияда жатат
Басма сөз кызматынын инспектору Ырысгүл Жайлообекованын айтымында, алардын алгачкы анализи таза чыкты, баарынын абалы жакшы, денеси ысыган жок.
«Алар алдыңкы катарларда иштеген кызматкерлерибиз. Оорунун жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан. Ошондуктан обсервацияга алынды», - деди ал.
Обсервациядагы милиционерлер медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.
21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 590 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиционерден коронавирус табылганы кабарланган. (RK)