Өкмөт өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү
“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат”,-деди Боронов.
Бүгүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы күрөштү күчөтүү максатында премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштаган.
Ага ылайык, өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттердин ыкчам планын иштеп чыгат.
Ошондой эле өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилгени үчүн 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат. (BkA)