Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизүүдө

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тарта Коопсуздук кеңешинин сунушунун негизинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүүдө.


Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда премьер-министр өкмөт өзгөчө кырдаалда ишке ашырыла турган планды аткарууга киришкенин билдирген.


“Планда борбор калаа жана аймактардагы блокпостторду жайгыштыруу боюнча маалымат, биринчи керектеле турган товар жана дары-дармектерди жеткирүүнүн маршруттары, өлкө ичиндеги авиакаттамдардын тартиби, коомдук транспорт, дүкөн жана аптекалардын иштөө графиги камтылат. Ар бир жетекчи өз тармагындагы иштин үзгүлтүксүз иштеши жана режимдин сакталышына жооптуу”, –деген премьер-министр.


Абылгазиев Бишкек, Ош шаарларына жана коронавирус илдетин жуктурган адамдар катталган райондорго өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.


Бүгүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы күрөштү күчөтүү максатында премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштаган.


Өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилгени үчүн 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат.


Учурда өлкө аймагында 12 адамдан коронавирус аныкталган. Алдардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.


Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.(BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus