Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкканы аныкталды
Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин бул вирус Сузак районунан сегиз, Ноокат районунан үч, Баткен районунан бир кишиге жукканы кабарланган. Алар - Сауд Арабияга умрага барып келгендер.
Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. (BkA)