Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 150дөй адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу 21-февралда «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.
Анын айтымында, обсервация жайлары республиканын бардык аймактарында ачылган.
«Кытайдан келгендерден үч күнгө чейин обсервацияда анализ алынып, контактта болгонбу же жокпу, эпидемиологиялык тактоолор жүргүзүлүп жатат. Инфекциянын очогунан келбеген болсо анализинин жыйынтыгына жараша жашаган жерине медициналык көзөмөлгө жиберилүүдө», - деди ал.
Адис жалпысынан обсервация аркылуу 800гө жакын адам өткөнүн кошумчалады. Анын айтымында, алардын 600дөйү үйүнө чыккан.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 25 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 76 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2239 адам каза болду, 18 миңден ашууну айыгып чыкты. (RK)