Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов жана төрт чек арачы мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талгат Аланов билдирди.


- Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов баштаган беш чек арачы мага каршы Ош шаардык сотуна арыз жазыптыр. Анда мен буга чейин айткан Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди төгүнгө чыгарып, «Аланов ар бирибизге 100 миң сомдон төлөсүн» деп жазышыптыр. Мен айткан беш факты боюнча Аскер прокуратурасы учурда текшерип жатат. Анын жыйынтыгы чыкпай жатып булар Ош шаардык сотуна кайрылыптыр. Бул туура эмес деп ойлойм. Мага каршы арыз жазгандар Аскер прокуратурасына мен жазган арызды кайтарып алышымды да талап кылышты, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Талгат Аланов.


Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Асылкерим Ажиев беш чек арачы Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылганын тастыктады: 


- Талгат Алановго карата Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш аскер кызматкери арыз жазган. Аланов өткөргөн басма сөз жыйынында аты аталган аскер кызматкерлери эч кандай укук бузууга барбаганын билдиришкен. Алар Аланов кадыр-баркына доо кетиргенин жана өздөрүнүн ак экенин далилдеш үчүн Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан Алановго «арызыңды ал» деп эч кандай коркутуу болгон эмес. Эгер андай фактылар болсо бекитилген тартипте Аскер прокуратурасына арыз жазып кайрылса болот, - деди Асылкерим Ажиев.


2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов журналисттерге атайын маек куруп, өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан. Анда Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айткан.


Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирген.


Талгат Алановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2019-жылдын 27-ноябрындагы басма сөз жыйынынан кийин Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Анын жыйынтыгы чыга элек. (MdN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus