Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абдыгулов: «Абдыраз» ишканасы жана Саймаити которгон акча боюнча 14 кат жөнөткөнбүз

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын 14 катында Айеркен Саймаитинин жана «Абдыраз» ишканасынын аты аталган. Ал бул тууралуу 21-январда Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында айтты: 


- 2012-2018-жылдары Кытай жарандары боюнча Финансы полициясына 16, УКМКга 2 кат жөнөтүлгөн. 16 каттын ичинен 14 катта Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасынын аты бар. «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин толук изилдөө үчүн 2019-жылдын 29-майында иликтөөдө аты аталгандар боюнча банк документтеринин көчүрмөсүн алыш үчүн «Азаттыкка» кат жазганбыз. Бирок жооп болгон эмес.


«Азаттык» радиосу ошол кезде иликтөөдөгү бардык материалдарды Финансы полициясына өткөрүп берген. 




Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.


Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.


Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus