«Казак» коркутканы айтылган милициянын иши иликтенет
- Бүгүнкү күндө сайтта жарык көргөн маалыматтарды, фактыларды башкармалыктын жетекчилиги көзөмөлгө алып, ар тараптуу текшерүү боюнча тапшырма берилди. Териштирүү иштери башталды. Чындыгында окуя кандай болгонун жана Ош ШИИБинин позициясы туурасында маалымат беребиз, - деди Сыдыков.
Умар Маратов Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду сабаган окуяга тиешеси бар деген шек менен 17-январда Ош шаардык милициясы тарабынан кармалып, 17-февралга чейин камакка алынган.
Милициянын маалыматына караганда, Раимбеков 11-январда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жырылып, оор абалда облустук ооруканага түшкөн. Ошондой эле акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жиберген. Бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козголуп, 16-январда Өзгөн жана Алай районунун эки тургуну да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
22-январда «Казак» каймана аттуу Умар Маратовдун адвокаты да басма сөз жыйынын өткөрүп, өз чындыгын эл менен бөлүшүүнү көздөп жатканы кабарланды. (DU/ZKo)