Путин Чайкага президенттин Түндүк Кавказ боюнча өкүлү болууну сунуш кылды
Путин Чайканы 20-январда кызматтан алган. Президент анын ордуна Тергөө комитетинин жетекчисинин орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин Федерация кеңешине сунуш кылган. Кремлдин маалыматында Чайка башка ишке которулганы үчүн кызматынан бошотулганы айтылган.
68 жаштагы Чайка башкы прокурор болуп 2006-жылдан бери иштеп келген.
Оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын ири иликтөөлөрүнүн бири Чайканын ишкер балдарына арналган болчу.