Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аялдардын киришине тыюу салган чайхана Ош облусунун аймагында аныкталган жок

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова "Азаттыкка" билдирди:



- Чайханага илинген деген сүрөт социалдык тармактарга жарыяланары менен биз Ош облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берип, аялдардын киргизбеген чайхананы аныктоону тапшырдык. Иликтөөнүн натыйжасында облус аймагында андай чайхана аныкталган жок. Аймактагы бардык коомдук тамактануу жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан андай тыюуга жол берилбей турганы эскертилди, - деди Нуркыз Кадырбекова.  






20-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда аялдар киргенге болбой турганы жазылган көрнөктүн сүрөтү тарап, ал Ош шаарындагы чайханалардын бирине таандык экени кабарланган. Бул жарандык коомдун нааразылыгын туудурган.



Кийинчерээк Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы мындай чайхана шаар аймагында аныкталбаганын маалымдады.


Укук коргоочулардын маалыматына караганда, өлкө аймагында диний мекемелерден тышкары жоолуксуз аялдардын киришине тыюу салган коомдук жайлар бар.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus