Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) "Азаттык" жиберген түшүндүрмөсүндө Ала-Бука районундагы Кош-Болот айылында жергиликтүү телеканалдар санариптик негизде, 26-теле жыштыгы аркылуу көрсөтүлөрү айтылган.
Ага ылайык, тиешелүү жабдуулар толук, 100% иштейт жана жергиликтүү телеканалдар үзгүлтүксүз көрсөтүлөт, эч кандай техникалык тыныгуулар да болгон эмес.
19-декабрда аталган бирикменин адистери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен айыл тургундары Салтанат Курманкулов менен Рамазан Абдырасуловдун үйүнө барып, тележабдууларын текшерген. Натыйжада экөөнүн тең антенналары туура эмес багытталганы, натыйжада жергиликтүү телеканалдар көрсөтпөй жатканы аныкталган. Оңдоолордон кийин жергиликтүү телеканалдар жакшы сапатта көрсөтө баштаган деп айтылат маалыматта.
Ала-Бука районундагы миңден ашык адам жашаган Кош-Болот айылында жакынкы убактан бери Кыргызстандын телеканалдары тартпай, айылдыктар Өзбекстандын жана Орусиянын гана каналдарын көрүп жатканы тууралуу аймактык кабарчыбыздын макаласы жарык көргөн.(ZKo)