«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды.
Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүндү:
- Чыгашасы кирешесинен көп болсо, анда кылмыш ишин козгош керек. Журналисттик иликтөөдө анын расмий кирешеси 7-12 миң доллар деп айтылууда. Ал эми чыгымдары аябай көп – Дубайда 12 миллион долларга алып жатат. Чоң спорттук турнирлерди өткөрүүдө. Ал турнирлерге биздин өкмөттүн мүчөлөрү барып жатат. Баары билет, баары далилденген.
Токтакунов Башкы прокуратурага катардагы жаран катары кайрылганын, эгер каалоочулар болсо бул кыйрылууга кошулса болорун белгиледи.
Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.
Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга эч тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, журналисттерди сотко бергенин, “Азаттык” радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын 6-декабрда УКМКдан сурактан чыкканда журналисттерге айткан. (RK)