Албанияда жер титирөөдө ажал тапкандардын саны 30га чукулдады, жүздөгөн адам жаракат алды. Украиналык режиссер Олег Сенцов Европа парламентинде Андрей Сахаров сыйлыгын алды. Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Каримов режиминин сынчысы 12 жыл бозгунда жүрүп, былтыр туулган жерине кайтып келген.