Зеленский: Орусия кармаган кемелердин жабдуулары уурдалган
Мунун алдында Украинанын деңиз аскерлеринин кол башчысы Игорь Воронченко Орусия кармап алган кемелерди «тоноп алганын», ал тургай «даараткана жабдууларынан өйдө чыгарып чыгарып кетишкенин» айтып чыккан.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы болсо бул сөздөрдү четке какты.
Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине сүзүп бараткан Украинанын «Бердянск» жана «Никополь» аскердик катерлерин жана «Яны Капу» чиркелмесин Орусия мындан бир жыл мурун кармап алган. Кемелерде 24 аскер кызматкери болгон.
Киев Москванын бул аракетин «зомбулук актысы» деп атаган. Орусия болсо кемелер чек араны бузуп, мыйзамсыз киргенин айткан. Бул талашта Украинаны АКШ, НАТО, БУУ жана Европа Биримдиги колдогон.
Орусия украин деңиз аскерлерин ушул жылдын сентябрь айында, Украина менен туткундарды алмашкан учурунда бошоткон.